ТЭЦти оңдоо боюнча коррупцияга айыпталган 8 кишинин иши сотко өттү

Бардык материалдар 11-февралда райондук сотко жөнөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Осмонбек Артыкбаевдин, Айбек Калиевдин, Салайдин Авазовдун, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана Ольга Лаврованын ишин Свердлов райондук сотуна жиберди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

ТЭЦ боюнча Жээнбеков да текшерилеби? Коопсуздук кеңешинин жообу
Ага ылайык, бардык материалдар 11-февралда райондук сотко жөнөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин буга чейин берген маалыматы боюнча Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.