Бишкек милициясы WhatsApp аркылуу билдирүү кабыл алат. Калп жазгандар жазаланат

Мессенджер аркылуу кылмыш иштери жана милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу кабарлоого болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. - Sputnik. Бишкек шаардык милициясы калаа тургундары үчүн WhatsApp канал ачканын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты
Эми калаа тургундары менен коноктору 0708 102 000 номерине түрдүү окуялардын, кылмыштардын жана ар кандай мыйзам бузуулар болгон болсо анын сүрөт, видеолорун жибере алышат.

Жарандар аталган номерге милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу болгон болсо кабарлай алары билдирүүдө айтылат.

WhatsApp канал күнү-түнү иштейт.

Милиция ошол эле учурда жалган маалымат жибергендерге чара көрүлөрүн эскертет.