Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болду

Автоунаанын ичинде журналист, жолдошу жана алты айлык кызы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болду. Мындай маалыматты журналисттин жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, каргаша 10-февралга караган түнү саат 2.00дөр чамасында Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде (болжол "Ак-Өргө" конушу) болгон.

"Жайнагүл Тазабекова жолдошу жана алты айлык кызы менен кырсыктаган. Жолдошу өзүнүн автоунаасын айдап бара жатып мамыны сүзүп алган. Мунун кесепетинен келинчеги оор жаракат алып, ооруканага жетпей үзүлгөн. Күйөөсү болсо жеңил жараат алган, абалы канааттандырарлык. Наристенин абалы жакшы", — деп билдиришти.

Ноокат: соода күркөсүнө урунган минивэн 13 жаштагы баланы басып калган
Журналисттин сөөгү эртең саат 11.00дө Аламүдүн районунун Воронцовка айылында жерге берилет.

Жайнагүл Тазабекова 28 жашта болчу, артында алты айлык бир кызы калды. Ал Кыргыз-түрк "Манас" университетинде Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган. Эмгек жолунда "Биринчи радио", "Санжыра" радиолорунда жана "Ала-Тоо 24", "Пирамида" телеканалдарында иштеген.