Улуттук онкология борборуна жаңы жабдуулар алынат. Тизме

Онкология жана гематология борборунун корпустарын оңдоо жана реконструкциялоого 310 миллион сом бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай жабдуулар алынарын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып бергенин өкмөттөн кабарлашты. 

Өмүрбекова борбордун бир нече бөлүмдөрүн кыдырган. Анын айтымына караганда, 2017-жылдан бери 310 миллион сом бөлүнүп, учурда медициналык мекеменин ремонт иштери толугу менен аяктады.  

Вице-премьер белгилегендей, эки ырааттуу тездеткич сатып алууга сынак аяктап, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган.

“Учурда компьютердик томография, кыска фокустук рентген-терапия, рентгеноскопия, рентгенография үчүн аралыктан башкаруучу рентгендик аныктоочу санариптик комплексин сатып алууга келишим түзүлдү. Ошондой эле эндоскопикалык жабдууларды, гистологиялык лабораториялык комплексти, премиум класстагы ультра үн тутумун жана хирургиялык жабдууларды, видеобронхоскоп жана видеогастроскоп сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө”, — деди Өмүрбекова.

Ал ошондой эле жогоруда аталган жабдуулардын бардыгы “Кумтөр” компаниясы бөлгөн 7 миллион доллардын эсебинен алынарын кошумчалады.