Аймактардагы жол эрежелерин бузууларды карап турчу радарлар. Сүрөт

Бул жабдууну унаанын ичиндеги "антирадар" көрө алат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Вега" компаниясынын өкүлү Сергей Долгополов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аймактарга орнотулган "Автокайгуул радар" комплекси кантип иштээрин түшүндүрүп берди.

Долгополовдун айтымында, 20 радар Кыргызстандын ар кайсы аймактарына орнотулуп, азырынча күндүз гана иштеп жатат.

"Бул система карама-каршы тилкеге чыгууларды, ылдамдыкты, коомдук транспорт тилкеси же жол жээги менен жүрүүлөрдү каттоого алып турат", — деди ал.

Жабдууну эл арасында "антирадар" деп аталып жүргөн радар-детектор алыcтан көрө алат.

Эске салсак, эртең, 12-февраль күнү, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган фото жана видеокөзөмөл жабдуулары толугу менен тартип бузууларды каттоого ала баштайт.