Канткенде ичеги-карын жакшы иштейт? Окумуштуулардын кеңеши

Ичеги-карындын ишинин бузулушуна бир нече фактор таасир этет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ичеги-карындын жакшы иштешин клетчаткалар жөнгө салат. Бул тууралуу The Telegraph басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты
Британиялык диетолог Мэтт Перкинстин айтымында, клетчаткаларга бай макарон, алмурут, коон, брокколи, сабиз, жаңгак сыяктуу азыктар ичеги-карындын капталдарын тазалап, анын жакшы иштешине таасир этет.

Ал эми Женни Боденхам аттуу диетолог ичеги-карынга жардам берүү үчүн таттуу жана майлуу тамактарга чектөө киргизүүнү сунуштайт. Анын пикиринде, мындай тамактар ичеги-карындын микрофлорасын бузуп, тамактын сиңүүсүн начарлатат, териге бүдүрлөр чыгып кетүүсүнө алып келет.

Ичеги-карындын начар иштешине стресс дагы себеп болуусу мүмкүн. Андыктан, адистер майда-чүйдө нерсеге ойлонуп, маанайды чөктүрбөөгө үндөйт.