Окумуштуулар жаштыкты узартуунун жолун айтышты

Окумуштуулар 12 жылдык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Окумуштуулар жаштыкты узартуунун жолун айтышты. Бул тууралуу “Известия” жазды.

Изилдөөнү Дьюка университетинин эл аралык топтогу адистери, Иерусалимдеги Еврей университети менен Лондондогу падышалык университеттин окумуштуулары жүргүзгөн. Натыйжада картаюунун ылдамдыгы болгону 20 пайызга генетикадан көз каранды экени аныкталган. Адистердин айтымында, адам организмдин жаштыгын өз күчү менен узарта алат.

Кош бойлуулар балыктын майын жеши керек. Пайдасы эмнеде

12 жылдык иликтөө такай жасалган машыгуулар, туура тамактануу, маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп туруу жана тамекиден баш тартуу жаштыкты сактоонун негизги булагы экенин көрсөткөн.

Мындан сырткары, жаш көрүнгүсү келген адамдар таттуу тамактардан баш тартуусу керектиги белгиленет. Мисалы, таттуу токочтун ордуна грек жаңгагын, анар же кулпунай жеген оң экени айтылат.

Форманы сактоо үчүн эң мыкты азыктардын бири болуп чили калемпири аталды.