БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сочи шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путиндин бейрасмий жолугушуусу өткөнүн Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулап, аймактагы абал тууралуу пикир алмашкан.
Мындан тышкары, жолушуунун жүрүшүндө Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына даярдык тууралуу да сөз болгон.
Мамлекеттик сапар марттын соңунда болору айтылган.
Эки күн мурун президенттер телефон аркылуу да баарлашкан.