Күжүрмөн самбо боюнча ИИМдин чемпионаты өтөт

Чемпионат кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын бекемдөө үчүн, ошондой эле Ата Мекенди коргоо күнүнүн урматына уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Күжүрмөн самбо боюнча КР ИИМинин чемпионаты өтө турганын министрликке караштуу "Динамо" спорттук коомунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, мелдеш 19-20-февраль күндөрү "Динамо" спорттук коомунун күрөш залында өтөт.

"Чемпионат кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын бекемдөө үчүн ошондой эле Ата Мекенди коргоо күнүнүн урматына уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө тартипти сактап, жарандарды коргоодо милиция кызматкерлеринин дене тарбия даярдыгы өтө зарыл. Мындан улам Sputnik агенттиги буга чейин Кыргызстандын ички иштер органдарынын спорттук машыгуусун видеого тарткан.