"Толстой, Тургенев, Чехов, Горький же Шолохов. Алардан бизге бирдеме өттү, биз болсо аларга таянып андан ары жөнөшүбүз керек. Эмне өттү? Турмуштун ар түрдүү катмарын көрө билүү, ошонун ичинде эң жөнөкөй катмарын да көрө билүү жөндөмдүүлүгү", — деп айтат кыргыз жазуучусу. Мындай ойлорун ал ар дайым айтып келген.
Анын орустун классик жазуучулары тууралуу ойлорун, алар менен болгон чыгармачылык мамилелерин изилдеп, беш факты сунуштап турган чагыбыз.
Лев Толстой. 1978-жылы Лев Николаевичтин туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата "Нукура элдик жазуучу" деген макала жазып, анда Толстой тирүү кезинде эле классик болгонун, "турмуштун акылман Мугалими" экенин айтып, ага мындай баа берет: "Толстой — биздин доордун, келечектин жаңы көркөм жана адеп-ахлак маданиятынын жол башчыларынын бири деп айта алам. Анда батыштын жана чыгыштын көркөм салттары табигый ажырагыс бир чоң агымга бириккен, өзүнүн маңызы жана духу боюнча интернационалдык өтө сейрек учурай турган тарыхый-маданий кубулуш жаралган. Буга Толстойдун бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири күбө". Бул, албетте, улуу орус карасөзчүсүнүн эмгегине берилген өтө таамай жана жогорку баа болгон. "Легенданын жаңырышы" деген Владимир Коркин менен маегинде (1976) Толстойдун "искусствонун адамдарды бириктирүүчү мааниси" оюн мисал катары алат. "Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт" деген 1978-жылдагы маегинде эгер азыр Толстой болгондо башкача чыгармаларды жазмактыгын, кептин баары ошол Толстойдун жоктугунда болуп жатканын айтат. Анын реализми "адам аң-сезиминин, адам рухунун поэзиясынын улуу дарыясы, ал бизди космикалык океанга, көз тайгылткан белгисиздикке, адам рухунун чексиз тереңдиктерине алып барат" деп өзү ошол реализмге канат сермеп жатканын ушул ойлор менен белгилеп кеткенсийт. 1987-жылкы А.Анастасьев менен маегинде ар бир жазуучу өзүнүн соборун курууну көксөй турганын, Лев Толстойдун андай собору "Согуш жана тынчтык" экенин айтат.
Иван Тургенов, Антон Чехов. XIX кылымдагы орус жазуучулары жөнүндө сөз кылганда бир нече жолу Тургеневдин, Чеховдун аты аталганын көрөбүз. Жазуучу алардын чыгармаларынан жаратылышты сүрөттөөдөгү конкреттүүлүктү, даталдарды ачып берүүдөгү кыскалыкты үйрөнгөн.
Николай Гоголь. Маектеринин биринде бул жазуучунун фантастикалык образдары тууралуу кеп кылат.