Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү тобу менен кармалды. Видео

Тинтүү учурунда курал-жарак жана ок-дарылар табылган.
Sputnik

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тобу менен кармады. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы уюшкан адамдардын тобунда мыйзамсыз ок атуучу курал бар экени боюнча жана аларды Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сактап жүрүшкөндүгү боюнча ыкчам маалымат алган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү ("Курал-жаракты жана ок-дарыны мыйзамсыз алып жүрүү") боюнча баштапкы текшерүү башталган.

"5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө-оперативдүү тобу барган учурда аталган батирдин ичинде 9 киши олтурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогон, калгандары мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылгандар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон", — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда документи жок, колго жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана ок табылган. Алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

ИИМ: Москвада мекендештерин тоноп жүргөн делип кылмыштуу топтун башчысы кармалды
"Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар мурда тоноочулук менен соттолгон Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Т.Ыга таандык экендиги такталды. Ал Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы калган 8 жаран боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Териштирүү учурунда алардын арасынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар экени билинди.

Ал Автотранспортту тартып алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү менен соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.