Жалал-Абадда балдарды урган тарбиячы соттолду. Ата-энелер өкүмгө нааразы

Жалал-Абад шаарындагы №21 "Искора" бала бакчасында бөбөктөргө кол көтөргөн тарбиячы бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Андан тышкары, жабырлануучуларга моралдык чыгым катары 10 миң сом төлөөгө милдеттендирилди. Бул туурасында облустук соттун маалымат кызматты кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Эскерте кетсек, өткөн жылдын 21-ноябрында тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, бирөөнү чекеге чапкан видеосу жарыяланган. Ата-энелер милицияга арыз жазып, кылмыш иши козголгон

Жалал-Абадда балдарды урган тарбиячы соттолду. Ата-энелер өкүмгө нааразы

"Жалал-Абад шаардык соту 4-февралда тарбиячыга карата өкүм чыгарды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс — ред.) 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен ("Бейбаштык, жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз адамдарды мазактоо") күнөөлүү деп табылды", — деп айтылат соттун маалыматында.

Бирок ата-энелер айыпкерге жеңил жаза берилип калды деп нааразы болуп Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

"Тарбиячынын бөйрөгү ооруйт экен, кандайдыр бир Ардак грамотасы бар экен. Ошону негиз кылып ушундай жаза берип койду. Прокурор аны беш жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. Балдарыбызга жасаган мамилесин көрүп туруп унчукпай коё албайбыз. Башкаларга да сабак болушу үчүн катуу жаза алышын талап кылып, эми облустук сотко кайрылабыз", — деди ата-энелердин бири Диля Жаратова.

Мындан сырткары, ал 3,5 жаштагы кызы тарбиячыдан таяк жегенин айтып жаткан видеону жиберди. Наристенин айтымында, тарбиячы аны бетке чаап, чачынан тарткылап, колунан чымчыган.

Жалал-Абад: ата-энелер тарбиячы балдарды кантип уруп жүргөнүн айтышты
Тарбиячы кыздын жогорку билими жок, орто билими менен иштеп жүргөн экен. Сотто ал жасаган ишине өкүнүп да койбой, жай баракат отурду. Кызым таяк жегени туурасында айткан видеону судьяга да бергем. Ал көрүп "жаш бала алдабайт" деп сот залында айтып жаткан. Бирок аягында ушундай өкүм чыгарып койду", — деди арызданган эне.

Жогорудагы окуя тууралуу коомчулукка маалымат тарагандан кийин шектүү тарбиячы иштен алынган. Ошол учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ата-энелер менен байланышканда №21 "Искора" бала бакчасында мындай окуя байма-бай кайталанарын, балдары кээде көгала болуп келерин айтышкан

Мындан улам Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекеме кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгы текшериле баштаган.