БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Туура тамактанган адамдар майлуу жана зыяндуу азык-түлүктү пайдалангандарга караганда депрессиядан тез чыгат. Мындай бүтүмгө британиялык медиктер келген.
Бүгүнкү күндө өнөкөт депрессия психикалык оорунун кеңири жайылган түрү болуп эсептелет.
"Биз жашоо мүнөзүн өзгөртүү маанайды көтөрүп, депрессиядан арылууга шарт түзөрүн далилдедик. Мында диета менен эле чектелип калбай, спорт менен машыгуу да жакшы жыйынтык берери айтылат", — деди Брэндон Стаббс аттуу окумуштуу.
Стаббстын айтымында, жашоо мүнөзүн жана тамактануусун өзгөрткөн адамдар депрессиядан кутулган, жок эле дегенде аны басаңдатып кое алган.
Окумуштуулар 16 иликтөөнүн жыйынтыгын карап чыгышкан. Аларга жарымы дал ушул депрессиядан жабыркаган 46 миң киши катышканы айтылды. Натыйжада жер ортолук деңиз диетасында отургандар ыктыярчылардын үчтөн эки бөлүгүнө оорусунан арылууга жардам берген. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар экени маалымдалды.
Стаббстын кесиптеши Жозеф Фирт туура тамактануудан киши арыктай турганын, бул өз кезегинде көп чарчатпай, организмди тазалай турганын айткан. Мындай жагдай адамдын маанайын көтөрөрү шексиз экенин белгиледи.