Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслованын үлпөт тоюндагы сүрөттөрү

Спортчунун болочок жолдошу ал Азиада оюндарынан кайтып келери менен аэропорттон үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялады.

Ал сүрөттөрдүн алдына жолдошуна болгон сүйүүсүн жазган.

Спортчунун айтымында, күйөөсүнүн аты Александр Бакалов, ал 23 жашта. Алар төрт жыл сүйлөшкөн. Үйлөнүү тою 21-ноябрда Бишкекте өткөн.

Былтыр Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Маслова алтын жана күмүш байге алган. Спортчунун болочок жолдошу ал Азиада оюндарынан кайтып келери менен аэропорттон баш кошууну сунуштаган.