Өлгөн киши чек арадан ары-бери өтүп... Каттоо кызматындагы алешемдик

Ишти тереңирээк иликтөө максатында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына жиберишти.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Каттоо кызматында жалпы жарандык паспортту мыйзамсыз берген факты катталганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда өлдү деп эсептелген 29 жаштагы кишинин атынан башка бирөөлөр чек арадан ары-бери өтүп жүргөн.

"Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайынан былтыркы жылдын 31-декабрындаКыргызстандын А.И. аттуу 26 жаштагы жараны кармалган. Ал төрт жылдан бери К.у.Т аттуу жарандын паспорту менен чек арадан каттап келген.

Жасалма паспорт алып Кыргызстандан Казакстанга бараткан түркиялыктар кармалды

Жыйынтыгында иш Жалал-Абаддын Ноокен районунун прокуратурасы тарабынан текшерилген. Январдын башында Каттоо боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн, ага кошумча А.И. аттуу жарандын иши Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге 330-берененин негизинде катталган. Андан соң тереңирээк иликтөө максатында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына жиберилген.