Мүрзөнүн жанында жарым жылаңачтанып түшкөн кыздын сүрөтү боюнча текшерүү башталды

Фотографтын айтымында, ал сүрөттөрдү 2008-жылы эле тартып, эми жарыялап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун милициясы мүрзөнүн жанында купальник кийип сүрөткө түшкөн кыздын сүрөтү боюнча текшерүүнү баштады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

4-февралда бир катар ЖМКлар мүрзөнүн жанында жарым жылаңач болуп түшкөн кыздын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатканын жазган.

Ананьево: мүрзөнүн талкаланган белгилерин кайра орнотууга эл жардам бермей болду

Сүрөттү автор Артур Болжуров өзү жарыялап, анын алдына "Аты жок. 2008. Биринчи жолу чыгарып жатам" деп жазган. Кийин сүрөт өчүрүлгөнү менен айрым колдонуучулар аны көчүрүп, өз баракчаларына жарыялаган.

Айрым ЖМКлар фотографтын сөзүнө таянуу менен сүрөттөр 2008-жылы жайында Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылында тартылганын жазды.

Аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестерге катталган. Ага юридикалык баа берүү үчүн баштапкы текшерүү иштери башталды.