УКМК: Бишкектен бомба табылган жок. Стратегиялык жайлар текшерилип жатат

Бишкектеги тартип коргоо органдарына жарылуучу заттар коюлгандыгы тууралуу кабар болжол менен саат 15:30да келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Бишкек шаарындагы бомба коюлду деген жерлерде жарылуучу заттар табылган жок. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Бишкектеги тартип коргоо органдарына жарылуучу заттар коюлгандыгы тууралуу кабар болжол менен саат 15:30да келип түшкөн. Алардын айтымында, бомба жөнүндө кабар Панфилов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жана Малдыбаев, 75 дарегинде жайгашкан эки авиакассага берилген.  Ал жердегилер коопсуз жайга чыгарылып, жеринде атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүү ишин баштаган.

"Жалган кабар берген телефондук террорчуларды издөө боюнча УКМК иштеп жатат. "Ош" аба майданында жана бир катар стратегиялык жайлар текшерилүүдө", — деп билдиришти УКМКнын маалымат кызматынан.

Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады
Бул окуядан кийин "Ош" аэропорту да текшерүүгө алынды

Эске салсак, эл аралык "Манас" аба майданына коюлган бомба тууралуу коркутуу Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келген. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары айтылган. Атайын кызматтан бул чет өлкөдөн жасалган коркутуу экенин айтышты. Бир нече саат бою бомба издеген атайын кызматтын өкүлдөрү жардыруучу затты тапкан жок. Анткен менен убактылуу болсо да аэропорттун иши үзгүлтүккө учурап, бир катар каттамдар учпай калды. Учурда "Манас" мурдагы калыбында иштеп жатат.