Кыргызстандын Азия кубогундагы ийгиликтүү кадамы. FIFA жыйынтык чыгарды

Атамекендик команда континент биринчилигинде дебютанттардын бири болду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. FIFA уюмунун турнирдин жыйынтыгы боюнча макаласында Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогундагы дебюту мыкты болгону жазылган.

Мирлан Мурзаевдин Азия кубогундагы голу мыктылардын катарына кирди
Материалда биринчи ирет чемпион болгон Катардын курама командасынын ийгилиги туурасында да айтылат. Алардын ийгиликке умтулган жолунда Россиядагы дүйнө чемпионатына барган беш катышуучуну жеңип алгандыгы жазылган.

Командалардын 16дан 24кө чейинкиси өтө ашыкча эле созулган процесс эмес, ал эми Вьетнам, Оман же дебютант болгон кыргызстандыктар үчүн бул өзгөчө бурулуш учур катары эстелип калмакчы деп белгиленген.

Материалда андан ары ар бир 24 команда, анын ичинен кыргызстандыктар туурасында да айтылат.

"Кыргыз Республикасы континенттик деңгээлде сонун дебютер болду. Алар Кытайга 2:1 менен жеңилип баштаган. Бирок Виталий Люкс Филиппиндер менен беттеште хет-трик жасады (3:1). Андан соң борборазиялыктар Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасына жакшы беттеш көрсөттү", — деп белгилеген FIFA.

Ал эми спорт боюнча ири телеканал FOX Sports Asia Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкстун голун Азия кубогунун мыкты ондугуна киргизди.