Кош жарандыгы үчүн мандатынан ажыраган депутат БШКны сотко берип утуп алды

Жусупбек Коргонбай уулу Россиянын жараны экени аныкталгандан кийин 19-декабрда мандатынан кол жууган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Райондор аралык сот Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун кош жарандыгы бар деп мандатынан ажыратылышын мыйзамсыз деп тапты. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Коргонбай уулу Россиянын жараны экени аныкталгандан кийин 19-декабрда мандатынан кол жууган. Мындан улам ал БШКнын токтомун жана Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу талабы менен арыз жазып сотко кайрылган.

"1-февралда Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту Жусупбек Коргонбай уулунун арызын канааттандырды. Бирок БШК Россиянын жана Кыргызстандын компетенттүү органдарынын расмий маалыматтарына таянуу менен мурда кабыл алынган чечимдерин негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептейт. Мындан улам Райондор аралык сотунун чечими боюнча кассациялык тартипте Жогорку сотко даттанат", — деп айтылат маалыматта.

Мурдагы депутат Музаффар Исаков шарттуу түрдө 7 жылга кесилди
Жусупбек Коргонбай уулу "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, 2018-жылдын жайында комиссия Россиянын Юстиция министрлигине депутаттын жарандыгы тууралуу маалымат сурап кайрылган. Ал тараптан Коргонбай уулу 2007-жылы Россиянын жарандыгын алганын жана ал бүгүнкү күнгө чейин жарактуу экени айтып жооп берген.