Кыргызстанга келген Лавров президент Жээнбеков менен жолукту. Эмне сөз болду?

Россиянын ТИМ жетекчиси Лавров анын бул сапары РФ президенти Путиндин Кыргызстанга келишине даярдык экендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Биз россиялык досторубуздун келишине ар дайым кубанычтабыз. Сиздин расмий сапар маанилүү окуянын — Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган сапарынын алдында болуп жатат", — деди Жээнбеков жолугушуу учурунда.

Эске салсак, 2019-жылдын башында Кыргызстанга Россия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапар менен марттын соңунда келери белгилүү болгон. 

Сооронбай Жээнбеков Путиндин боло турган иш сапары эки тараптык жогорку деңгээлдеги союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн белгиси экендигин айткан. Ал Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эки тараптуу мамиле жаңы баскычка, жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөндүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Лавров анын бул сапары РФ президенти Путиндин Кыргызстанга келишине жана өкмөт аралык комиссиянын отурумуна даярдык экендигин айтты. Иш-чара 2019-жылдын 1-мартында болмокчу.

"Эки тараптуу союздаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү, сиздер, биз, бир катарда турган ЖККУнун, ЕАЭБ, ШКУ, ЕККУ жана БУУнун алкагындагы кызматташууларыбызды баалайбыз. Биз тыгыз байланыштабыз. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри менен мамлекеттин башчылары койгон тышкы саясаттагы аткара турган иштерибизди кең-кесири талкуулайбыз. Ал туруктуулукту, бардык багыттар боюнча ишенимдүү иш алып барууну камсыздайт", — деп белгиледи Лавров.

Жолугушууда көп жылдан бери келе жаткан эки тараптын кызматташуусундагы актуалдуу делген маселелер талкууланды. Анын ичинде ШКУнун мамлекет башчыларынын боло турган отуруму жана Кыргызстан төрагалык кыла турган ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши боюнча сөз болду.