Радио

Онколог: Кыргызстанда ракка кабылып 25 миң киши каттоодо турат

Улуттук онкология жана гемотология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков учурда Кыргызстанда 25 миң адам рак илдетинен жабыркап, каттоодо турарын айтты.
Sputnik
Онколог: Кыргызстанда ракка кабылып 25 миң киши каттоодо турат

Кыргызстанда рактын төрт түрүнө көп чалдыгышат. Алар — аялдар арасында эмчек рагы, жатын моюнчасынын рагы жана жалпы калктын ичинде өпкө, ашказан рагы. Бул тууралуу Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан радиосунун ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 25 миң адам аталган илдеттен жапа чегип келет. Алардын сап башында аялдардын эмчек рагы турат.

"Жалпысынан алганда өлкөдө абал туруктуу эле. Учурда 25 миң адам рак илдетине чалдыгып, Улуттук онкология борборунда каттоодо турат. Алардын ичинде эмчек рагына чалдыккан аялдар биринчи орунда. Андан соң жатын моюнчасынын шишиги да кенен жайылган. Рактын бул эки түрү башкаларынан бир нече эсеге көптүк кылат. Ошондуктан мен аялдардан дарыгер катары суранып кетем. Жылына бир ирет маммолог, гинекологго барып текшерилип турушса, оорунун алдын алышар эле. Мындан сырткары, өпкө жана ашказан рагына чалдыккандар да көп. Өпкө рагына туш болгондордун дээрлик баары чылым чеккен эркектер. Ошондой эле аталган оору тукум кууйт. Андыктан жакындарынын кимдир бирөө ракка кабылып каза тапкан болсо, туугандары дарыгерлерге жыл сайын текшерилип турганы жакшы", — деди Тилеков.

Дарыгер сергек жашоо образы жана туура тамактануу рак илдетинин алдын аларын кошумчалады.

Айта кетсек, 2005-жылдан тарта 4-февраль "Ракка каршы күрөшүү" эл аралык союзу тарабынан аталган илдетке каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. Максаты — рак менен ооругандарга жакындан жардам көрсөтүү, коомчулуктун көңүлүн бул илдетке буруу. 2019-жылы күндүн темасы "Мен бармын жана жашай берем" деп аталды.