"Экинчи база" боюнча маселени Айдарбеков менен Лавров талкуулаган жок

Жакында эле Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов россиялык ЖМКларга берген маегинде расмий Бишкек Кыргызстанда экинчи аскерий базаны ачуудан баш тартпайт деген мааниде айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстан жана Россиянын ТИМ жетекчилери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавровдун жолугушуусунда КРде экинчи аба базасын ачуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бир нече күн мурда россиялык ЖМКларга берген маегинде расмий Бишкек Кыргызстанда экинчи аскерий базаны ачуудан баш тартпайт деген мааниде айткан.

"Бул боюнча суроону мага студенттер менен жолукканда беришти. Бирок Кыргызстандан расмий сунуш түшө элек", — деген Лавров.

Айдарбеков да аталган маселе боюнча кеп болбогондугун айтты.

"Президент бул боюнча мурда билдирүү жасаган", — деди министр Айдарбеков.

Лавров Жээнбеков менен жолуккандан кийин кандай бүтүмгө келгенин айтты
РФтин ТИМ жетекчиси Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип, президент Сооронбай Жээнбековго жолукту.

Лавровдун Бишкекке келишинин максаты Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга март айында болчу расмий иш сапарына даярдык көрүү экендиги буга чейин айтылган. Андан сырткары, дипломат менен эки тараптуу кызматташуунун маанилүү учурлары, интеграциялык бирикмеге кошулгандан кийинки маселелер боюнча кеп болду. Тараптар эл аралык маанидеги суроолор боюнча да талкуу жүргүзмөкчү.