Москвада метронун рельсине кулаган өспүрүм сузактык экени белгилүү болду

Өспүрүмдүн сөөгү дүйшөмбү күнү мекенине жөнөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Москва шаарында метронун рельсине кулап кеткен 16 жаштагы бала Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Октябрь айылынын тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди. 

Россияда эл ташып бараткан баткендик айдоочу кырсыктаган окуянын видеосу
Анын айтымында, учурда бардык документтер даярдалып, сөөк дүйшөмбү күнү мекенине жөнөтүлмөй болду. 

Эске салсак, 1-февралда Москвадагы “Сходненская” станциясында кыргызстандык бала метронун рельсине кулап кеткени кабарланган. Жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынып, башынан жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бирок тилекке каршы, бейтап өзүнө келбей көз жумган.