Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыктан бир адам каза тапты. Видео

Кырсык 1-февралда кечки саат 22.30да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Абдрахманов көчөсүндө 1-февраль күнү жол кырсыгы болуп, окуянын видеосу Bishkeknews баракчасына жарыяланды.

Бишкек: жеңил автоунаа менен маршрутка кагышкандан кийинки видео
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык саат 22.30да болгонун ырастады. Маалыматка караганда, Чүй проспектисине жетпей, тагыраагы Абдрахманов көчөсүнүн ылдый жагындагы аялдаманын каршы бетинде Honda Odyssey менен Daewoo Matiz кагышкан.

Алдын ала маалымат боюнча Honda Odyssey Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан, бирок айдоочу рулду башкара албай калып каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Daewoo Matiz менен кагышкан.

Daewoo Matiz автосунун айдоочусу ооруканада көз жумса, ичиндеги үч жүргүнчү жаракат алган.