Бекмурат Кумар уулу тууралуу колго илинген 17 факт сунушталат.
Бир нече аты бар ырчы. Биринчи азан чакырып коюлган аты — Бекмурат, экинчи аты — Балык ырчы, үчүнчү аты — Балык, төртүнчү ысымы — Балыкооз. Атасынын аты Кумар.
Туулган жылы да ар түрдүү айтылат. Айрымдар 1793-жылы дешсе, айрымдар 1799-жылы туулган дешет. Адабиятчы Батма Кебекова анын жашаган мезгили 1801-1891-жылдар деген жыйынтыкка келет.
Уруу, уругу. Кылжырдын Дөөлөс аттуу кичи уулунан тараган чоң чарыктан деп бирлери айтса, дагы бирлери сарыбагыштардын чоң чарык уруусунан дейт.
Балык — лакап аты. Кыска бойлуу, денеси жоон, кара киши болуп, оозу балык оозундай болгонунан Бекмурат аты калып, Балык аталып кеткен. Шапак Рысмендеевдин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, бели жоон, курсагына казы алган, мойну буканын бутундай буржуйган экен. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болгон. Ырдаганда акырын баштап, анан үнү жолборстун доошундай күркүрөп кетчү экен.
Ажыбек даткадан Байтик баатыр суранып алат. Таластын башкаруучусу Ажыбек датканы жандап ырдап жүргөн, даңазасы таш жарып турган. Ошол кезде Чүйдүн манабы Байтик Канай уулу (1817-1886) конокко барып, Ажыбектен сурап алып, Балыкоозду Чүйгө чакырат. Ошондо таластыктар менен коштошо албай, бир жылдай эл кыдырып жүрөт. "Суу сураса, бал берген, Суусар энем аман бол, ат сураса, төө берген, Ажыбек атам аман бол" деп акыры Чүйгө көчөт. Байтик үй-жай, мал-жан менен камсыздап, өзүнө өнөрпоз катары кошуп алган. Байтик баатырды жандап ырдап жүрөт. Эл ичинде Байтикке бир гана Балыкооз каяша айта алган деген сөз бар, мисалы, ал Ала-Арчада Акай (Адыл) мергенге болушуп, аны Байтиктин каарынан сактап калгандыгы айтылып келет.
Кочкордо да жашаганы айтылат. Байтик каза болгондон кийин үч жыл Кочкорго барып жашап, ал жерде Шамен манап менен катуу айтышып, кайра келгени тууралуу да маалыматтар кездешет.
Көптөгөн манасчыларга устат болгон. Алардын ичинде Жаныш, каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар ж.б. айтуучулар бар экендиги белгиленет. Балык ырчы гана эмес, чоң жомокчу, манасчы, жарчы, санжырачы болгон. Карыган кезде да үнү шаңкылдап чыгып, бетинен нуру кетпептир.
Балыкооз тууралуу маалыматтарды жеткиргендер. Эң биринчи кезекте Балык Кумар уулу 75терге келип калганда ага он үч-он төрттөгү Шапак Рысмендеев жолугуп, кийин ал киши тууралуу айрым маалыматтарды калтырган. Кээ бир маалыматтарда чебереси Сукан айтып берген. Бир топ материалдар таластык Султанаалы Азизберди уулунан, Алымбек уулу Тургунбек санжырачыдан, Жанжигит Казакбаевден жыйналган. Чыгармаларына филология илимдеринин кандидаты Батма Кебекова талдоо жүргүзгөн.
Устаты Ноорус акын болгон дешет. Бул пикирди Тоголок Молдо айтат. Манасты ар ким айтып келип, анан Ноорус деген чоң манасчы Балык ырчыга үйрөтөт дейт. Мына ошол Балык ырчыдан биз угуп-билип жүргөн манасчыларга тарайт. Алардын ичинде Сагымбай Орозбаков менен Шапак Рысмендеев да бар.
Кыргыз жерлеринин көбүн кыдырган. Балыкооз таланттуу санжырачы болгон экен, көптөгөн уруу-уруктар тууралуу маалыматтарды топтогон. Бул максатта Алай, Кетмен-Төбө, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Наманган, Анжиян, Кокон, Кулжа, Ташкент, Алма-Ата, Олуя-Ата ж.б. жерлерде болуп, эл-жер менен таанышып, ырчылык өнөрүн да көрсөткөн.
Айтышта дулдул болгон. Анын аксылык Алымкул Абат уулу, Төрөгелди манаптын ырчысы Айтике, Бүргө баатырдын кызы Акшербет менен айтыштары тууралуу маалыматтар жана алардын анча-мынча тексттери кездешет жана ушул материалдар анын айтыш жанрынын чебери экендигин тастыктайт.
Каза болгон жылы да так эместей. Балык болжол менен 1887-жылы (айрым маалыматтарда 1873-жылы) каза болгон. 1900-жылы 78 жашында о дүйнөгө кеткен деген да маалымат кездешет. Дагы бир маалыматта 1793-жылы туулуп, 80 жаш курагында Чүйдөгү Арчалуу деген жерде дүйнөдөн кайтат да, сөөгү азыркы Бишкек шаарынын үстү жагындагы Байтиктин Басбөлтөгүнө, Байтик баатырдын жанына коюлат.