БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Байма-бай жасалган аэробикалык көнүгүүлөр мээнин иштешин жакшыртып, ал тургай аны жашартууга өбөлгө болот. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Колумбия университетинин илимпоздору иликтөөдөн кийин ушундай жыйынтыкка келген. Алардын айтымында, бул бардык жаш курактагы адамдарга тиешелүү боло алат. Анын үстүнө жаш өткөн сайын көп кыймылдоо оң гана таасир берери аныкталган.
Окумуштуулар 20 жаштан 67 жашка чейинки 132 ыктыярчыга спорттун каалаган түрү менен машыгууну тапшырган. Мында катышуучулар жарым жыл бою аптасына төрт жолу ар кыл көнүгүүлөрдү жасашы керек болгон. Эксперимент аяктагандан кийин машыгуунун эс-тутумга, көңүлдү бир жерге топтоого, жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө болгон таасирин оң баалашкан.
Илимпоздордун айтканын айткандай аткарган 94 адам жакшы жыйынтык көрсөткөн. Көнүгүүнүн эң натыйжалуусу аэробика болгону да аныкталган.
Иликтөөдө машыгууга катышкандардын баарынын мээсинин иштөөсү эле жакшырбастан, тышкы катмары да калыңдаганы белгилүү болгон.