Азия кубогунан кийин кыргызстандык эки футболчу чет элдик клубдарга өттү

Эки оюнчу тең Бишкектин "Дордой" футбол клубунда ойночу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубунун оюнчулары Тамирлан Козубаев менен Азиз Сыдыков чет элдик клубга өттү.

Президенттин сөзү, сый акы, Илзат Ахметов... Александр Крестинин менен маек
Кыргызстандын Футбол федерациясынын билдиришинче, Козубаев Малайзиянын PKNS FC клубу менен бир жылга келишим түзгөн.

Ал эми Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Азиз Сыдыков Ирандын Sanat Naft Abadan FC клубуна өтүп, келишим боюнча быйылкы сезон аяктаганга чейин ойнойт.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу Азия кубогуна катышып, плей-офф оюндарына чейин чыккан.

Ал эми чабуулчу Мирлан Мурзаевдин Азия кубогунун 1/8 финалында киргизген голу бирден-бир мыкты гол деп табылды.