Ошто эки жаш баласын үйгө жалгыз калтырып кеткен эне табылды. Чоо-жайы

Келин Кара-Сууда ашпозчу болуп иштеп жаткан.
Sputnik

ОШ, 1-фев. — Sputnik. Эки кызын ижарага алган батирге таштап 10 күндөн ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан эне Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келди. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, келин 31 жашта.

"Ал турмуш-тиричиликтин айынан ашпозчу болуп Кара-Суу районундагы ашканалардын биринде иштеп жаткандыгын билдирди", — деди Сыдыков.

Ошто бейтааныш аял эки кызды сабап салды. Видео
Эске сала кетсек, аты-жөнү белгисиз аял эки кичинекей кызы менен Ош шаарындагы үйлөрдүн бир бѳлмѳсүн убактылуу жашап туруу үчүн алган. Батирге жайгашкандан бир күн өткөн соң жумушка кеткен боюнча келин кайрылып келген эмес. Үй ээсинин айтымына караганда, 30-январь күнү келиндин дайынсыз жоголгонуна 10 күн болгон. Ал кыздардын апасынан аты-жѳнүн, телефонун сурап калууга үлгүргөн эмес. Бул аралыкта балдарга тамак-аш берип багып турган.

Үй ээси милицияга кайрылган соң кызматкерлер аны издөөгө алган. Ал эми эки кызы шаардык социалдык коргоо башкармалыгына өткөрүп берилген.