Чүйдө муз алдына түшүп кеткен баланы кантип куткарып калышты. Сүрөт

Окуя 31-январда түштөн кийин болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунун Ленин айылынын четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен баланы куткаруучулар кантип сактап калганын ӨКМ айтып берди.

Спасательная операция бойцов МЧС

Куткаруучулар маалымат түшөрү менен 5 мүнөт ичинде келишкен. Окуя 31-январда түштөн кийин болгон.

"Бала жээктен 15-20 метр аралыкта суу ичинде музду кармап турган. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда баланын абалы туруктуу.