Финпол Райым Матраимовдун мүлкүн текшере баштады

Президент буга чейин Матраимовдун мүлкү текшерилерин убадалаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн текшере баштады.

Бул тууралуу маалыматты президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева менен Финпол дагы тастыктады.

Президент коррупцияга малынган эки маморганды атап, баа берди
Өткөн жылдын аягында президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны учурунда журналисттер "Матраимовдун байлыктары текшерилеби?" деген суроо узатышкан.

Буга мамлекет башчы Матраимов үйлөрүн анын президенттиги учурунда курбаганын жана мүлкү сөзсүз текшерилерин билдирген.

Баса, коомчулукка "Райым-миллион" деп таанылган Матраимов өзүнүн иштен алынышы боюнча өкмөт менен соттошуп жатат. Буга чейин шаардык сот чечимди анын пайдасына чыгарып берген. Эми өкмөт кайра арызданса, иш Жогорку сотто каралат.