БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Токмоктогу аткезчилердин атышуусу уят нерсе экенин, орган тармагында иштеп кеткен адам катары болгон окуядан уялып да жатканын айтты.
"Токмоктогу аткезчилердин атышуусу уят нерсе, ушунча жыл органда иштеген адам катары мен уялып жатам. Ыкчам аракет көрчү кызматкерлер бар да. Ошол нерсе үч күндөн кийин гана болгону ырасталып жатат. Күнөөлүү кызматкерлерге чара көргүлө, уят нерсе. Курсан Сатарович, чара көрбөйсүңөрбү!" — деди депутат.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул нерсеге сөзсүз түрдө чара көрүлөт деп сөз берди.
"Бул эмнени айтап жатат? Чек ара кызматы да контрабандага, тиешелүү коррупциялык схемага аралашканынан белги берип жатат. Ошондуктан чек ара кызматы бул боюнча силерди да карап чыгыш керек, же Коопсуздук кеңешине алып чыгыш керек. Анткени контрабанданын баары чек ара кызматы аркылуу өтүп жатпайбы", — деди депутат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков мекеменин биринчи тараткан маалыматы боюнча журналисттер арасында бир аз түшүнбөстүктөр болуп кеткенине токтолду.
"Социалдык тармактарда "Дунларов" көпүрөсүндө атышуу болду деп жарыяланды. Биз дал ошол көзөмөл өткөрүү пунктунда атышуу болгон жок деп маалымат тараттык. Ал эми көзөмөл өткөрүү пунктунан алыс жерде, жолдун аркы өйүзүндө түн ортосунда болгон окуяга биздин тиешебиз жок", — деди Исаков.
Учурда укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.