Дүйнө чемпионаты. Кыргызстан хоккейчилеринин тандоо турундагы каршылаштары

Кыргызстан дүйнөлүк биринчилик үчүн тандоо туруна катышары өткөн жылы май айында белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча командасы Дүйнөлүк чемпионаттын квалификациялык оюндарында Босния жана Герцеговина, Гонконг, Кувейт, БАЭ жана Таиланд командалары менен беттешет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Кыргызстан дүйнөлүк биринчилик үчүн тандоо туруна катышары өткөн жылы май айында белгилүү болгон. Тандоо оюндары 2019-жылдын жаз айларында өтөт.

"Кыргызстан менен бир топто болгон командалар абдан күчтүү. Эгер спортчулар группалык этаптан өтүп кетсе, үчүнчү дивизионго чыгып Дүйнөлүк чемпионатка катыша алат", — деди Жакыпов.

Sports Awards: кызыл килемде "кычырап" баскан спортчулар
Анын айтымына караганда, тандоо туруна 26 адам барат. Алардын арасында оюнчулардан сырткары машыктыруучулар, дарыгерлер жана менеджерлер бар. Команданын курамы азырынча түзүлө элек, тандоо болот.

Каржылоо маселеси ачык бойдон калууда. Бирок федерациянын вице-президентинин айтымында, Олимпиадалык оюндар боюнча дирекция маселени чечүү үчүн бардык аракеттерди көрөт.