Опера жана балет театрынын жетекчиси Осмонов иштен кетүү боюнча арыз жазды

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ага кызматын тапшырып берүүнү айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине жетекчи өзү тастыктады.

Бажы кызматынын төрагасы Райым Матраимовдун ордуна кайтышы боюнча пикирин айтты
Анын айтымында, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ага кызматын тапшырып берүүнү айткан.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышкан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иштин чоо-жайы териштириле турганын жана мындан ары мындай иш-чараларды маданий жайларда өткөрүүгө тыюу салынарын билдирген.

Министрлик менен азырынча байланышуу мүмкүн болгон жок.