Жээнбеков Түркиядагы кыргыздардын пенсиясы боюнча келишимди ратификациялады

Документке өткөн жылдын жаз айларында эки өлкөнүн президенттери тарабынан кол коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Түркия жарандарынын пенсиясы боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган.

Урустамова: эми пенсияга чыгууга электрондук документ даярдалат
Тагыраагы, келишим менен өлкөлөрдүн биринде дайындалган пенсиялар адамдарга алардын экинчи өлкөнүн аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнөт.

Пенсия алуу укугун аныктоо үчүн эки өлкө тең алчу кишинин иш стажысын эсепке алат. Эгерде тараптардын биринин мыйзамы боюнча камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда эки мамлекеттин мыйзамы боюнча түзүлгөн камсыздандыруу стажы кошулат.

Келишимге ылайык, ар бир тарап адамдарга өз мамлекетинин аймагында иштеген мезгили үчүн пенсиянын бир бөлүгүн төлөп берет.

Келишим менен эмгектин мертинүү жана кесиптик оорулар боюнча төлөмдөр, кош бойлуулук, төрөт жана убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдар, сөөк коюуга жөлөк пулдар тараптардын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.