Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Sputnik

ОШ, 29-янв. – Sputnik. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы жол кырсыктан эки адам каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Ага ылайык, окуя кечээ, 27-январь күнү, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 18-чакырымында катталган. 

Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү

Алай районунун 28 жаштагы тургуну Ш. уулу А. аттуу адамдын башкаруусундагы ВАЗ-2107 унаасы чыгыштан батышка карай бара жаткан. Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги даракты сүзүп токтогон. 

Ошто унаа бакты сүзүп, чачырап кетти. Кырсыктын сүрөттөрү

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана унаадагы 29 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдардын экөө тең Алай районунун тургундары экени аныкталды.

Учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.