Радио

Сарыбаев: аялдардын белинин өлчөмү 82 сантиметрден ашпашы керек

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев кошумча салмак жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин айтты.
Sputnik
Сарыбаев: аялдардын белинин өлчөмү 82 сантиметрден ашпашы керек

Белдин өлчөмү аялдар үчүн 80-82, ал эми эркектердики 90-94 сантиметр болушу керек. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аялдардын бел өлчөмү 88, эркектердики 102ден ашып кетсе, анда ал семиздик болуп эсептелет.

"Белди өлчөп туруу керек. Көз жаздымда калтыруу болбойт. Дени сак аялдын белинин өлчөмү 80-82, эркектики 90-94 сантиметр болушу шарт. Андан жогорку өлчөмдөр орто семиздик жана семиздик болуп эсептелет. Ал учурда жүрөк-кан тамыр ооруларына байланышкан дарттар пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле дени сак адамдын жүрөгү бир минутада 60-90 жолу согушу керек. Үстүңкү чек 90дон ашып же алдыңкы чек 50дөн төмөндөп кетсе, анда доктурга кайрылуу зарыл. Спорт менен машыккан адамдардын жүрөгү 50нүн тегерегинде согуп, орган рационалдуу иштейт. Ал эми спорт менен машыкпаган адамдын жүрөгү минутасына 90дон ашуун жолу согот," — деди Сарыбаев.

Ошондой эле кардиолог кошумча салмактын алдын алуу жана жүрөктүн согушун калыбына келтирүү үчүн адам көп кыймылдап, туура тамактанышы керектигин кошумчалады.