Албек Ибраимовдун иши боюнча райсоттогу отурум кийинкиге жылды

Сот жыйынына айыпталуучулардын биринин адвокаты келбей калды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун ишин кароо 30-январга жылды.

1 / 2
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун ишин кароо 30-январга жылды
2 / 2
Мындай чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова айыпталуучулардын биринин адвокатынын келбегенинен улам кабыл алды.

Мындай чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова айыпталуучулардын биринин адвокатынын келбегенинен улам кабыл алды.

Соттун жүрүшүндө Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучулар менен жактоочуларга сот залында шарт түзүлбөгөнүн айтты.

"Бул жерде 9 кишинин ишин карап жатабыз. Аларга да, адвокаттарга да шарт түзүлгөн эмес. Ошолорду камсыздаш керек", — деди Слесарев.

Ал эми судья Архарова болгон шарт ушул экенин айтып, райондук сот жаңы имараттуу болгондо гана адвокаттын өтүнүчү канааттандырыларын белгиледи.

Паракорлукка шектелип ИИМдин азыркы жана мурдагы кызматкерлери кармалды
Андан сырткары, сот ишинин жүрүшүн сүрөт, видеого тартууга тыюу салынды. Себеби айрым айыпталуучулардын адвокаттары сот учурунда "Дастан" ишканасына байланыштуу сыр делген маалыматтар айтыларын жана өзүлөрүнүн бетин ТВ, сайттардан көргүлөрү келбей турганын жүйө келтиришти. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча иш козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча Ибраимов мэр болуп турган кезде жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн.