Өзүм төрөлүп өскөн Баткендин Кара-Булак айылы тууралуу айтаар сөзүм, жолдоор саламым оголе көп. Аларды мен бир катка дегеле сыйдыра албасмын.
Айылымдан кеткениме туура 41 жыл болду. Ушул мезгил бүктөмүндөгү саргайткан сагынычты, кубарткан кусалыкты кырк бет кагазга жазсам да аздык кылаар…
Ошентсе да айылын, төркүнүн ар дайым сагынып жүргөн, анын ысык-суугуна кайдыгер карай албаган калаалык кыздын чакан катын кабыл алып коюңуздар.
Арыбаңыздар, ардактуу менин айылдаштарым!
Эл-журт ичи тынч-аманбы? Азыр Кара-Булактын кышы кар көп жаап, адаттагыдай катуу болуп жатса керек…
Эсимде, мындан бир топ жыл илгери отун, көмүр жетишпей, сатып алганга тыйыны жок каржалып, айылдаштарым аргасыз короосундагы өрүктөрүн четинен кыйып жагып, кыштан эптеп чыгышкан. Мындай акыбал бир канча кыш кайталанып, дүпүйгөн өрүкзарлар суюлуп, жумушсуз жаштар Россияга жапырт жөнөп, эл да суюлуп, ошол жылдары айылдын бир топ кунары качып кеткен эле. Айылга барган сайын почтонун жанында уул, кыздарынан кабар күтүп, акча күтүп саргайып отурган кемпир-чалдарды көрөт элем. Ал маалда азыркыдай мобилдик телефондор элде жок болчу. Айылдаштарымдын карманып тутканы почтодогу жалгыз эски телефон болгон.
Какшаткан "Жүк-200"
Айгүл гүлү
Ар ким өз айылын көкөлөтөт чыгар. Бирок биздин айылыбыз өтө кооз. Баткен районунун эли жайкысын жапырт эс алганы Кара-Булактын түштүк тарабындагы шар аккан тунук суусу, түркүн куштар сайраган токою, жайнаган гүлдөрү бар Алмалы капчыгайына келишет. Баарынан да кийинки маалда жазуучу агайыбыз Мурзапар Үсөнөв курган "Музбулак" коругу бүтүндөй Өрүкзар чөлкөмүнүн маданий борборуна айланып калды.
Урматтуу улуу, кичүү айылдаштарым, жергиликтүү жетекчилер, сиздерден суранаарым, Айгүл тоого чыгууга жок дегенде 10 жылга мораторий жарыялабайлыбы, гүл өзүнө келип алсын.
Карабулактыктар бир кезде ушул гүлдү коргойбуз деген демилге көтөрүп, гүл ачылган маалда мектеп окуучуларынан патруль уюштуруп, убагында жакшы эле аракеттерди кылышкан. Бирок бул элде жок чырайлуу гүлдү көрөм деген миңдеген адамдардын каалоосун эч ким, эч нерсе токтото албай келет…
Катымдын аягында биринчи иретте айылдаштарыма тилегеним — АМАНЧЫЛЫК. Аталарыбыздын тукумун улаган уул-кыздар көп төрөлсүн, Кара-Булакта бейпилдик коштогон береке орношун каалайм.
Урматтоом менен кызыңар, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, публицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева.