БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектин чет жакасында Миграция процессин жана гендердик теңчиликтин маселесин жөнгө салуу боюнча лагерь уюштурулуп, элеттиктер окуудан өтүп жатат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Иш-чара аталган фонд жаңыдан баштап жаткан гендердик теңчилик жана миграция маселелерин негизинен айылдарда чечүү максатын көздөгөн жаңы долбоордун алкагында өтүп жатат.
Бул үчүн Кыргызстандын эки башка тарабындагы эки айыл тандап алынган. Бири — Сузак районундагы Сузак айыл аймагы, экинчиси — Жети-Өгүз айылындагы Барскоон айыл аймагы.
Ага Сузак менен Барскоон сынамык айылдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, айыл активисттери, айыл аймактарынын лидерлери катышууда.
Лагердин катышуучулары миграция жана гендердик маселелер боюнча, алардын ыкмаларын ишке ашыруу жаатында өздөрүнүн иш-тажрыйбаларын, билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алмакчы.
Долбоорду миграция боюнча иш алып барган эл аралык уюм каржылап жатканы айтылды.
Лагерь ишин эртең, 28-январда, жыйынтыктайт.