БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Адам уктап жатып тишин кычыратканда башка оорулардын пайда кылуусун шарттаарын бишкектик стоматолог Салтанат Усенова Sputnik Кыргызстанга айтып берди.
Адатта адам тишин түнкү уйку учурунда кычыратат (бруксизм). Акыркы изилдөөлөрдө мындай адам пародонтит (тиш тамырларынын жылаңачтанып калышы) илдетин пайда кылары айтылган.
"Япондук стоматологдор адамдарга кээ бир булчуңдардын иштешин көрсөтүп туруучу (электромиограф) аппаратты бир сутка тагынып жүрүүнү сунуштаган. Жабдуулар чайнап турган булчуңдардын аргасыздан узакка чейин жыйрылышы бруксизм менен жабыркагандарда көп болгонун көрсөткөн. Изилдөөлөрдө пародонтиттин кабылдап кетиши тишти кычыратуу менен да байланыштуу экендиги айтылган. Дарыгерлердин көпчүлүгү бруксизм башка стоматологиялык ооруларды тереңдетет деген пикирге макул экендигин айтып келишет", — деди Усенова.
Мындан сырткары, баш, жаак сөөктөр ооруп, кулак тунат, моюн талыйт.
Усенова эгер жогорудагыдай жагдайлар кездешсе, создуктуруп жүрө бербей, адиске эртерээк кайрылууга кеңеш берген. Ал дарылоо канчалык эрте башталса, айыгуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жакшы болорун кошумчалады.