Бразилия: дамбаны суу жырып кетип 40 киши каза болду, дагы 250 адам изделүүдө

Куткаруу иштери бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бразилиянын чыгышындагы дамба жырылып 40 киши каза болду. Дагы 250дөн ашык адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Мексикада мунай түтүгүнүн жарылуусунан көз жумгандардын саны 114кө жетти
Алдын ала маалымат боюнча куткаруу иштери бир жумага чейин созулушу мүмкүн жана каза тапкандардын саны артышы ыктымал. Кырсык болгон жерден 360дан ашык киши куткарылып, 23 киши ооруканага жеткирилген.

Дамба Минас-Жерайс штатындагы Брумадинью аймагында жайгашкан. Суу менен чогуу ылай дагы агып келип Vale компаниясынын имараттарын каптап кеткен. Авария учурунда эскертүү берүүчү система иштебей калган.