Испания: 100 метрлик кудукка түшүп кеткен бала 13 күндөн кийин табылды

Эки жашар бөбөк туурасы 25 сантиметр болуп казылган чуңкурга түшүп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Испанияда куткаруучулар 13 күндөн кийин гана тереңдиги 100 метр болгон кудуктан эки жашар баланын сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында Pais басылмасы жазды.

Хулен аттуу бала 13-январда Тоталан муниципалитетинде туурасы болгону 25 сантиметр болуп казылган техникалык кудукка түшүп кеткен. Аны казган киши чуңкурдун айланасын тосуп коюуну эстен чыгарган. Маалыматтарга караганда, бала ата-энеси менен сейилдеп жүргөндө ушундай кайгылуу окуя болгон.

Ошол күндөн тарта бөбөктү алып чыгуу боюнча иштер башталып, окуянын кандай болуп жатканына бүтүндөй өлкө көз салып турду.

Агымы күчтүү каналдан бөбөктү издеген ыктыярчы: көз алдыма маркум иним тартылды
Баланы сууруп чыгуу иштерине 300гө чукул куткаруучу менен Жарандык авиациянын кызматкерлери тартылган. Алар кудукка жанаша ошондой эле тереңдиктеги туннель казып, анын түбүнөн бала жаткан жерге туурасынан тешик чыгарган.

Баланын сөөгүн куткаруучулар ишембиге караган күнү жергиликтүү убакыт боюнча 01:30да алып чыккан.

Басылманын жазганына караганда, аял-күйөөсү буга чейин, тагыраагы, былтыр үч жаштагы уулунан ажыраган.