Бишкек ТЭЦи оңдолуп, кырдаал жөнгө салынды

Бүгүн, 26-январда эртең менен Бишкек ТЭЦинде авария болгону кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде кырдаал жөнгө салынып, түтүктөр оңдолуп бүттү. Бул туурасында "Электр станциялары" ишканасынан маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министр Абылгазиев Бишкек ТЭЦтин абалын көрүп чыкты. Сүрөт
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-январда эртең менен Бишкек ТЭЦинде сууну тармак-тармак кылып бөлгөн ири түтүктө калпыстыктар жаралган. Бул ТЭЦти модернизация кылып жаткан учурда болгондугу айтылган. Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасынын абоненттерине жылуулук тараткан суу өчүрүлө турганы кабарланган.  

Мындан туптуура бир жыл мурда Бишкек ТЭЦинде ири авария болуп, шаардыктар бир нече күн аяздуу суукта жылуулуксуз калган. 2018-жылдын 26-январында кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындай мүчүлүштүккө кыргыз коомчулугу катуу нааразылыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер сурак берип, камакка алынган. Соттук иштер алиге чейин аягына чыкпай, уланып келүүдө.