Футбол боюнча Азия кубогунда бизди насаатчыбыз белгилүү бир позицияга бекиткен жок. Өзүбүз ким болуп ойношту тандап алдык. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзү чабуулчу да, коргоочу да болуп ойной алмак.
"Азия кубогунда биз эркин тактика менен ойнодук. Машыктыруучубуз бизди сен чабуулчу бол, сен коргоочу деп белгилеген жок. Өзүбүздүн каалообуз, пикирибизди угуп, жалпы командалык чечим менен бөлүштүрүп жатты. Биз эч нерсеге көңүл бурганыбыз жок. Баарыбыз "ким гол киргизсе да, Кыргызстан жеңсин" деп турдук. Биримдикте, ынтымакта, мекенибизди көтөрүүгө болгон чоң каалоо менен ойноп жаттык. Мен өзгөчө ушул оюнда голго суусап турдум. Азия кубогунда дарбазага топ киргизбей мекениме кайтпасам экен деп тиленип жүрдүм. Гол киргизгенимде башкача бир сезимдер болду, аны сөз менен жеткире албайм. Жыгылып баратып да топту карап турдум", — деди Мурзаев.
Футболчу кыргыз футболунун келечеги кең экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, КР командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жетти. Плей-оффто БАЭ командасына 2:3 эсеби менен утулганына карабастан кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөткөн. Командага Кыргызстан гана эмес, башка мамлекеттер да жан тарткан.