Карганын каткырып, мышыкча мыёолоп жана тамак сурап жеген видеосу

Буга чейин жаныбарлардын ичинен негизинен тоту куштар гана адамча сүйлөй алат деген түшүнүктү кадимки кара карга бул видеосу менен жокко чыгаргандай.
Sputnik

Россиядагы аймактардын биринде жашаган аял карганы кадимкидей эле, тагыраагы, кишиче сүйлөөгө үйрөткөн. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Кызыктуу көрүнүштү тартып алган интернет колдонуучу видеону YouTube каналына жүктөгөн.

Анда көлөмдүүрөөк карга аялдын (ээсинин) суроолоруна жооп берип, кээде тамак-аш сураган учурда "диалог" куруп жибергенин байкоого болот.

Баласын эмизип, таптап уктаткан горилла. Жүрөк жылыткан видео
Бир нече мүнөттө карганын тамак сурап, мышыкча мыёолоп, ал тургай кытылдап күлгөнүнө күбө болосуз.

Буга чейин жаныбарлардын ичинен негизинен тоту куштар гана адамча сүйлөй алат деген түшүнүктү кадимки кара карга бул видеосу менен жокко чыгаргандай.

Кадрдан карганын балыкты жакшы көрөрүн, тамактанганда оолактап кетип, курсагын тойгузгандан кийин кайра келерин көрүүгө болот.

Буга чейин интернетте айбан да болсо сезимин жашыра албай, өлгөн баласын кучактап сыздаган маймылдын видеосу тараган.