Чек арада октон каза болгон киши Казакстандын жараны болуп чыкты

Чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан үч кишини токтотуу үчүн чек арачылар ок чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында октон көз жумган киши Казакстандын жараны болуп чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча келишим ратификацияланды
Окуя 23-январда Таластын Манас районундагы Жайылган деген жеринде болгон. 10-15тей жылкыны Кыргызстандын аймагынан Казакстанга айдап бара жаткан үч кишини КР чек арачылары токтоткон. Бирок мыйзам бузгандар каршылык көрсөтүп, бири бычак ала чуркаган. Алгач ок асманга чыгарылып, үчөө эскертүүгө көңүл бурбай койгондо бирине курал атылган. Эки киши Казакстанга өтүп кетүүгө үлгүрсө, ок тийген адам медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда каза болуп калган.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, окуяны талдашты. Тараптар мындан ары буга окшогон жагдайлардын алдын алуу боюнча бир пикирге келишти.

"Каза болгон адамдын жакындары 23-январда Таласка тергөө иш-чараларына катышуу үчүн келген. Эртеси сөөктү алып кетишти", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын чек арачылары из жашырып кеткен эки кишини издөөнү улантып жатат.