БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Борбор калаада 25-январда узак мөөнөттүү курулуштан жапа чеккендердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо механизмдерин талкуулаган жыйын өтөт. Бул туурасында ЖКдан билдиришти.
Жыйында аталган тармактагы көйгөйдү жөнгө салуу жолдору боюнча кеп болот.
Иш-чарага аталган көйгөйдү чечүү боюнча суроолорду көтөрүп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова катышат.
Депутат буга чейин турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын айткан.
Иш-чара Бишкек шаарындагы отелдердин биринде саат 10:00дө башталат.