Бишкекте тыгынды азайтуу үчүн "акылдуу" жол чырактарды орнотуу пландалууда

Заманбап механизм жолдогу унаа тыгынын көзөмөлдөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Борбордо жаңы жол чырактарды орнотуу планы жөнүндө мэриянын транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов айтып берди.

Ал бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "Бишкектеги коомдук транспорт ситемасын өзгөртүү" аталышындагы маалымат жыйынында билдирди.

"Биз унаа тыгынын көзөмөлдөй турчу "акылдуу" жол чырактарды жайылтууну көздөп жатабыз. Машиналардын саны көбөйгөндө, жашыл белги узакка күйүп турат", — деп түшүндүрдү Жусупов.

Мындан тышкары, мэрия жолдогу тыгынды азайтуу үчүн велосипедди да жайылтууну пландоодо. Быйыл шаарга 9 чакырым веложол курууну көздөп жатышат.