Добуш берели! Мирлан Мурзаев Азия кубогундагы "мыкты голдун" ээси болушу мүмкүн

Мирлан Мурзаев улуттук команданын Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон беттешинин 27-минутасында гол киргизген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Азия кубогунун 1/8 финалындагы "мыкты голдун" ээси болуу үчүн ат салышууда.

Футболчу улуттук команданын Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон беттешинин 27-минутасында өзгөчөлөнө алган. Топту Ахлидин Исраилов ашырып бергенден кийин дарбазачыны алдап өтүп, топту капталдан тээп киргизген.

Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги
Мурзаевге Кыргызстандын дарбазасына экинчи топту киргизген БАЭнин оюнчусу Али Мабхут атаандашууда.

Мыкты голду аныктоо үчүн күйөрмандар Азия футбол конфедерациясынын (AFC) расмий сайты аркылуу кирип добуш бере алат.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган.