Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) беттешинде гол киргизген футболчу Турсунали Рустамовдун атасы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине сезимдери менен бөлүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Азия кубогунун алкагында БАЭ командасынын дарбазасына гол киргизген атамекендик футболчу Турсунали Рустамовдун келинчеги көз жарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун атасы Хайитмухаммад Рустамов билдирди.

Футболчунун Кара-Балта шаарында жашап, жер-жемиш сатып ишкерлик кылган атасы менен телефон аркылуу байланыштык. 

Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов

Ал алгач уулунун чемпионаттагы ийгилигине маңдайы жарыла кубанганын айтып берди. 

Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов

"Оюнду түз эфирден көрдүк. Жалпы командага жан тартып, колдодук. Балдар мыкты оюн көргөздү. Биз курама команда жарым финалга чыкса, керек болсо чемпион болсо деп тиленгенбиз. Балам гол киргизгенде толкунданып, өзүмдү кармай албай калдым. Кыйкырып ийдик. Таякелери, акелери менен отуруп чогуу көрдүк да. Андагы сүйүнүчтү сөз менен айтып бере албайм. Сагынып, күтүп жатабыз. Келсе катуу кысып кучактайм", — деди спортчунун атасы.

Ошондой эле сүйүнүчүнө жаңы төрөлгөн небереси да кошул-ташыл болгонун белгиледи. 

Полузащитник сборной КР Турсунали Рустамов

"Турсунали оюнда жүргөндө келиним көз жарды. Кыздуу болдук. Телефон аркылуу сүйүнчү айтканыбызда абдан кубанды. Оюн учурунда дем берсе керек. Буга чейин бир уул, бир кызы бар болчу. Баарыбыз Кара-Балтада турабыз. 90-жылдары Тажикстандан көчүп келгенбиз. Турсунали тун уулум. Эки иниси жана карындашы бар. Мен жер-жемиш сатып иштейм. Апасы Матлюба Рустамова үй кожойкеси", — деди Рустамов.

Турсуналинин футболго кандайча келип калгандыгы тууралуу да азын-оолак кеп кылды. 

"Өзүм жаш кезде футбол ойноп жүргөм. Турсунали мени ээрчип ойноп жүрчү. Кара-Балтадагы Сергей аттуу машыктыруучуга 3-классынан тарта бергем. Бой тартканда курама командага кошулду. Азырынча чет элдик клубдарда күчүн сынай элек. Болгону Тажикстанга барып ойноп келген", — деди Рустамов.

Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Эске сала кетсек, Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футболчулары БАЭ менен беттешип, 3:2 эсебинде утулган. Атаандаштарга топтун алгачкысын Мирлан Мурзаев киргизсе, кийинкиси Турсунали Рустамовго таандык болду.